Бишкек, 15.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасында кызамыктан 228 адам дарыланууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Бурул Жаркынбаева билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ал эми Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган бейтаптардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.
“Мисалы, кечээ кабыл алуу бөлүмүнө кызамык менен ооруган 64 бейтап кайрылды. Анын ичинен 45и ооруканага жаткырылды. Учурда ооруканада 6 бөлүм аталган ооруга каршы кызмат өтөп жатат. Оорунун жайылышы олуттуу эпидемиологиялык коркунучту жаратат, анткени бейтаптардын 96%ы эмдөөдөн өткөн эмес”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий