• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектен Баткенге дагы 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Коом 0


Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бишкектен Баткен облусуна дагы 50 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна борбор калаанын кайрымдуу жарандарынан жалпы салмагы 50 тоннаны түзгөн 3 оор жүк ташуучу унаа менен гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн резервинен Баткен облусуна 67 тонна, ал эми кайрымдуу жарандардан 40 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий