• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тротуарды капиталдык оңдоо иштери И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч. Айтматов проспектисинен Бакаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдун эки тарабында жүргүзүлдү.

Тротуардын эски асфальты алынып, бордюр, ирригация системасы орнотулуп, жаңы асфальт төшөлдү.

Пикир

Оставить комментарий