Бишкектин конуштары жарыктандырылууда

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бишкектин конуштары жарыктандырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун 16-көчөсүндө 400 метр кабель тартылып, 50 Вт 12 чырак орнотулду. Ак-Өргө конушундагы Кербез көчөсүндөгү 1390 метр узундуктагы 100 Вт кубаттуулугундагы 38 лампа орнотулуп, узундугу 1390 метр өзүн-өзү изоляциялаган зым тартылды. Ошондой эле аталган конуштун Хан-Тенгри көчөсүнө 285 метр кабель тартылып, 7 50 Вт лампа орнотулду.

Жарыктандыруу жашоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылып, кечинде жана түнкүсүн көрүнүүнү бир топ жакшыртты.

Пикир

Оставить комментарий