• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.12.23./Кабар/. Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мекемелердин диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздары жана жалпы санитардык абалы текшерилет.

Рейдге Ленин райондук комиссиясы муниципалдык администрациянын, райондук МАБнын, РИИБдин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, МСЭКБнын, мамэкотехинспекциянын, райондук архитектуранын жана Бишкек казыятынын өкүлдөрү катышууда.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле сыйынуу үйлөрүнүн мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу жана Ленин районунун аймагындагы диний кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий