Боорду алмаштыруу операциялары президенттик фонддон каржыланат – Бейшеналиев

Ден соолук 0

Бишкек, 10.06.24./Кабар/. "Боорду алмаштыруу боюнча бардык операциялар президенттин фондунан каржыланат", - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Анын айтымында, боорду алмаштыруу боюнча бир операция 25-30 миң долларды түзөт.

"Бардык муктаждар үчүн боорду алмаштыруу боюнча процедураларды жеткиликтүү кылуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысынын жеке фондунан каржылоо чечимин кабыл алган", - деди ал.

Ошондой эле саламаттык сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча программанын ийгиликтүү башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөнүн белгиледи.

"Бул каражаттар кыргыз-түрк достук ооруканасына керектүү жабдууларды сатып алуу жана орнотууга, медициналык процедуралардын сапатынын жана коопсуздугунун жогорку стандарттарын камсыз кылууга багытталган", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциялары жасалат. Операциялар кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий