• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Борбор калаада өндүрүш калдыктарын өрттөгөн эмерек цехтерине айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бишкектин Кулатов көчөсүндөгү 1/1Б дарегинде жайгашкан эмерек цехтери өндүрүш калдыктарын өрттөгөндүгү аныкталды.

Мэриядан билдиришкендей, экологиялык мыйзам бузуу жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузган факты тууралуу маалымат келип түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өндүрүш калдыктарын өрттөгөн бир эле мекеме эмес, бир нече мекеме аныкталган.

Мештин жабдууларын текшерүү учурунда ламинатталган ДСП күйүп жатканы далилденген.

Мындан улам текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпы 53 миң 500 сомго 3 протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү таштандыларды, текстиль, өнөр жай жана медициналык калдыктарды өрттөөгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий