• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкери ит сүйрөп бараткан 3 жашар баланы куткарып калды

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкери Адилет Бекжанов табелдик куралын колдонуп, ит талап аткан 3 жашар баланы куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 16-май күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкектин түндүк жагындагы "Дордой" базарынын жанында болгон.

Милиционер күзөт постунда кызматын өтөп жаткан кезде, көчөдөн кичинекей баланын кыйкырган үнүн угуп, чуркап чыгып, кичинекей баланы ит тиштеп коё бербей жатканын көргөн.

Топтолгон адамдар баланы иттен бошото албай убара болушкан. Ит баланы тиштеп алып сүйрөй баштаганда, Бекжанов табелдик куралын колдонгон.

Баланын иттен бошотуп, тез жардам кызматы аны ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий