• 86.5
  • 91.23
  • 0.87

Божомолго таянган ой жоруулар. Журналисттик бир иликтөө тууралуу

Коом 0

Жакында кыргыз журналисти Элнура Алканова «Фергана» агенттигинин сайтында өзүнүн видеоролигин жарыялады, анда азыркы премьер-министр Сапар Исаков жөнүндө сөз жүрөт. Анын айтымында, жаш премьер коррупцияга байланыштуу окуяга аралашкан. Темасы кыйкырып турганы менен биринчи көз жүгүртүүдө эле көптөгөн жыйынтыктары ойлоп жабыштырылганы байкалып эле турат. Ал эми абай салып карап көрсөк эмнелерди дааналап көрүүгө болот?

Жоголгон классташ

Аталган роликте Темире Рыскулов деген банкир тууралуу көп айтылат, ага Исаков жер тилкесин алууга көмөктөшкөнү жана аны менен “жумасына жок эле дегенде бир жолу жолугушуп” тураары, анткени ал анын мурдагы классташы экендиги да айтылат. Жер тилкеси тууралуу маселеге биз дагы кайрылабыз, ал эми классташ тууралуу айтылганы –чындыкка коошобу?

Эгер классташы болгон күндө да бул эч нерсени далилдебейт. Мындан 20 жыл мурда кимибиз кимдер менен гана окуган эмеспиз. Бул жерде классташ тууралуу окуя жөн гана ой жоруулардын катарына кирет.

Сапар Исаков Ош шаарынын №16 мектеп-гимназиясында окуган. Алканова анын мурунку математика боюнча окуткан мугалимин таап, өз репортажынын максаты тууралуу калпты айткан. Ооба, бул кылыгы мактоого татыбаса да, иликтөө үчүн кээде эмнелерди гана ойлоп таппайсың... Исаковду мугалими унуткан эмес, бирок Рыскулов аттуу фамилияны укпагандыгын айткан. Ал эми сүрөтү боюнча кимдир-бирөөгө окшоштургандыгын билдирген... Тактыкты сүйгөн журналист Рыскулов окуганы, же окубаганы так эмес деген жыйынтык чыгаруусу керек эле. Ал эми бул жерде журналист-иликтөөчү заматта “албетте, окуган!” деген жыйынтык чыгарып коет. Окуя чейрек кылым илгери орун алганы, мектепте 1800 окуучу окугандыгын эске алсак, божомолго таянган далилдер орун алганы байкалат.

Мектепте класстык журналдардын материалдары сакталат (алардын жарым кылым сакталышы кажет). Мен Ошко эринбестен бул материалдарды иликтөө үчүн учуп барып келдим. 16-мектепте эч кандай Темир Рыскулов окугандыгы айтылбайт. 1984-2001-жылкы мектеп аттестаттарын берүүдө да Темир Рыскуловдун аты аталбайт. Балким, параллель класста окугандыр, жок, параллель эмес, перпендикуляр класста да окубагандыгы аныкталды.

Анткени алар ар кайсы шаарларда окушкан. Бишкек шаарынын №5 мектеп-гимназиясынын документтеринде БТА банктын Директорлор кеңешинин келечектеги төрагасы Темир Рыскулов тууралуу маалыматтар сакталган. Анын өздүк иши да сакталып калган. Рыскулов мында биринчи класстан бүтүрүүчү класска чейин окуган. Башкача айтканда, ал Исаков менен классташ болушу мүмкүн да эмес эле.

«Баасыз» тилке

Эми журналисттин доосунун маңызына токтолсок. Ал курулушу бүткөрүлө элек «Идеал Хаус» коттедждери менен жер тилкеси “арзыбаган баага” менчиктештирилип, ага премьердин тиешеси бар болушу ыктымалдыгын ырастайт. Келгиле, териштирип карайлы.

Бул коттедждик шаарчаны качандыр-бир кезде Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү, президенттин уулу Максим Бакиев өздөрү үчүн салган. Убактылуу өкмөт аны алгач улутташтырып, андан соң сатууга аракеттенген. Жети жолу аукцион өткөрүү аракети болуп, бирок алар үзгүлтүккө учураган. Балким мамлекеттик резиденциянын жанында жашоо өзгөчө бакыт тартуулабастыр? Бирок Алканова айымдын оюна мындай нерсе келген да эмес, өкүнүчтүүсү...

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында акыры аукцион өтүп, курулушу бүткөрүлбөгөн тилке 2 миллион долларга жакын суммага сатылган. Бул баа жөнүндө эмнени айтсак болот? Таң калычтуусу, аны сатып алууга бирөө-жарымдын чыккандыгы.

Элнура Алканованын ырастамасында: «Коттедждик шаарчанын бардык инфраструктурасы – электроэнергия, суу түтүгү, жылытуу жана газ тутуму – коңшу жайгашкан мамлекеттик резиденцияга туташтырылган. Бирок мунун аты бар, заты жок... Иш жүзүндө жер тилке ээлерине президенттик резиденциянын суу түтүгү, канализациясына жана башка тутумдарына кошулуусуна, андан пайдалануусуна эч кандай уруксаат берилген эмес. Балким, бул нерсеге мамлекеттин биринчи жактарынын коопсуздугун камсыздоо максатында эч качан жол да берилбейттир.

Албетте, эгерде Бакиевдер бийликте калганда VIP-дача ээлеринде эч кандай көйгөй жаралбайт эле. Бирок учурдагы президенттин фамилиясы башка болгондуктан, коммуникация маселеси чечилбес мүнөзгө ээ болуусу ыктымал...

Аукцион өтөөр алдында сынак аркылуу тандалып алынган көз карандысыз баалоочу «Капитал плюс» фирмасы тарабынан тилкенин наркын баалоо өткөрүлгөн. “Иликтөөчү” ушулар менен маектешсе көп маалымат алат эле. Себеби баалоочу-фирма даярдаган документте лоттун наркын төмөндөтүүчү факторлордун узун тизмеси бар.

«Капитал плюстун» корутундусун экспертизадан өткөргөн (курулуш ордуна барып көрүү менен) «Кыргыз баалоочулар бирикмесинин» жетекчиси Талантбек Самаков сөз жүрүп жаткан тилкедеги бардык курулуш обьектилери консервацияланган эмес. Алар 2010-жылы жөн гана ачык асман алдында калган. Натыйжада эми жаңы кожоюндар курулуштун көпчүлүк бөлүгү жараксыз болуп калгандыктан түрттүрүп, жаңыдан куруп чыгуусу керек. Ошентип ыңгайсыздыктар, каражат чыгымдары күтүп турат.

Жана башка нерселер, бир катар ыңгайсыздыктар бар, анын ичинде коттедждик шаарча боюнча долбоордук-сметалык документтердин жана уруксаат кагаздардын,ошондой эле аз эмес акача каражатын, убакытты талап кылчу жерди туура трансформациялоонун жоктугу деген сыяктуу маселелер арбын...

Айтып коюучу нерсе, Маммүлк фонду кызыктуу маалыматты белгилешет: мамрезиденцияга жакын жайгашкан аймакта эки же андан ашуун кабаттуу имараттарды курууга эч ким уруксаат бере албайт. Бул дагы биринчи жактардын коопсуздугу үчүн каралган. Башкача айтканда, тилкелердин келечек ээлеринин бир кабат үйлөрдү курууга гана укугу бар. Бул жагы абдан кызыктуу, чынбы? Жөн эле кыялдансаң болчудай.

Э.Алканованын өткөн аукциондогу жана коммуналдык тармактар менен камсыздалган элиталык особняктарга сунушталган бааны салыштырууга жасаган аракети туура эмес. Ага кошумча өзүн эксперт катары тааныштырган аялга шилтеме берүүсү да кызык. Анын “экспертизасынын” обьективдүүлүгү төмөнкү бир фразадан: “Баасы боюнча баа бере албайм, менин пикиримде, баасы төмөндөтүлгөн” дегенинен түшүнүктүү болот. Абдан мыкты логика: баасына баа бере албайм, бирок берем! Төмөндөтүлгөн!

Сапар Исаковдун кандай тиешеси бар?

Журналисттин ойдон чыгарылган “классташы” менен катар С.Исаков менен Т.Рыскуловдун ортосундагы байланышына дагы бир “далили” бар. Анын айтымында, коттеждер боюнча сатык жүргүзүлгөн учурда БТА банкка Сапар Исаковдун бир тууганы ишке алынган, бул “шек туудурат”. Бул дагы алдамчылыкка туура келген окуялардан.

Капар Исаков банкка февраль айында кабыл алынган, ал кезде анын бир тууганы КР Президентинин Апаратынын жетекчиси эмес, орун басары гана болуп турган. Жана президенттик шайлоо алдындагы анын келечек кызматтык карьерасын көзү ачык киши гана айтып бербесе, бул жагы шуруга ти згендей айкын эмес эле.

Капар Исаков кеңешчиси саналган Банк башкармалыгынын төрагасы Мурат Кунакунов мага маалымдагандай, Рыскулов менен Капар Джумакадырович иш боюнча байланышы жок, алардын жоопкерчилиги ар-башка тармакка тийиштүү. Кызыгы, Алканова К.Исаков тууралуу комментарий алууда ага эмес, Рыскуловго телефон чалган. Же ал башкармалык төрагасы жана директорлор кеңешинин төрагасы эки башка кызмат экендигин айрып тааныбайбы?

Анда жогорудагы сатык маселесине кайрылалы. Баа маселесин кое туралы. Сапар Исаков өтө каалаган учурда да Маммүлк фонду тарабынан өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына таасир тийгизе алат беле? «Эркин тоо» гезитинин 2017-жылдын 18-августундагы номурун ачалы. Бул күнү КР Мамлекеттик мүлк фондунун коллегиясынын бир нече менчиктештирилчү обьектилер, анын ичинде «Идеал Хаус» боюнча тендер өткөрүүгө токтому жарыяланган.

Ал эми парламент Сапар Исаковду өлкө премьери катары бир жумадан соң, 25-августта бекиткен. Исаков анын дайындалышына бир жума калганда бекитилген тендер шарттарына кандайча таасир тийгизе алмак? Эгер кандайдыр-бир жактын таасири болгон десек – эмне үчүн ал? Элнура Алканованын иликтөөсүндө бул жерде коошпогон бүдөмүк жерлери бар.

Исаков өкмөт башчылыкка келгенде аукциондун бардык шарттары, анын старттык баасы жана соатык формасы, кадамдары так бекитилип, катышуучуларга жарыяланган жана кайра кароого жатпайт эле.

Аукцион 19-сентябрда өткөн. Бир ай мурун эки арыз түшкөн. Эми дагы бир суроо: Исаков ачык аукциондогу жыйынтык баага кандайча таасир бермек? Же кимдир-бирөөдөн мыйзамсыз түрдө арыз алынбай койгонбу? Мындай болбогонун Фондунун кызматкерлери билдиришүүдө. Же болбосо сынак тууралуу жарыя сыр бойдон кармалды беле? Мына гезиттер. Күрөш таза өтүп, аукциондун кадамы 3 миллион сомду түзгөн. Анан премьер кантип таасир эткен? Көрүнүп тургандай эч кандай таасир болгон эмес. Эгер Э.Алканованын аукциондук комиссияга жана сатык катышуучуларына тасир этүүнүн табышмактуу механизми боюнча түшүндүрмөсү болсо, коомчулукка айтып берсин. Азырынча ал аны зарыл деп эсептеген жок.

«ВостокТехКомплект» жеңүүчү фирма деп табылган, ал каражатты Маммүлк фондунун эсебине которгон. Алканова тарабынан табылган «эксперт» бул боюнча кезектеги “балп этмесин” сунуштайт: болуптур, төлөдү дейли, бирок фирма аны иштеп таба алганбы? Акча каражаты кайдан келгендигин териштирүү керек. Эгер бөлөк чөнтөктөгү акчаны санасак – бир дагы обьект менчиктештирилбейт. Балким, иштеп тапкандыр, балким кредит алгнадыр – кимдин кандай иши бар? Ага карата мамлекеттин доосу жок, башкача болгондо, аукционго киргизилмек эмес.

«ВостокТехКомплект» акционерлердин бири менен же БТА банк жетекчилери менен аффилиациялангандыгы бул жерде мен үчүн баары бир. Негизгиси – бул мамлекеттик ишкана же мекеме эмес, башкача айтканда мыйзам толугу менен сакталган. Бирок банк үчүн баары бир эмес, анткени “иликтөөдө” аффилиациялангандыкты далилдөөүчүн андан уурдалган ички документтер чыгууда. Мындай иш дүйнөнү бир дагы банкына жакпайт. Ошондуктан банкирлер коммерциялык сырды жарыялоо фактысы боюнча Финполго арыз жазган (банктын жалпы кызматкерлери ишке алынып жатканда сыр сактоо тууралуу келишимге кол коет, бул жерде эреже бузуу орун алган).

Тиги дүйнөдөн кайтып келген адам

Иликтөөчү андан ары карай жабуларды сыйрып таштап, премьер Сапар Исаковдун БТА банк өкүлдөрү менен байланыштары тууралуу айта баштайт. Ал Интернеттен алган сүрөттү көрсөтүп, андагы 2016-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда чогуу түшкөн Кенес Ракишевди банк акционери катары (кыргызстандык БТА банкта мындай акционер жок, эгер акционер болсо да, мүмкүн, казакстандык БТА) жана Анвар Габбазовду сүрөттөйт. Ошол эле жерде Анвар Габбазов криминалдык авторитет Рустам Габбазовдун би тууганы экендиги айтылат. Андан соң журналист Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун трибунасында... Рустам Габбазовдун өзү да болгондугун саймедиреп кирет. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун. Дагы бир жолу кайталап айтайын, ал муну таза акылда жана эсинде туруп кадрда эки ирет кайталаган.

Аныгында, 13 жыл мурун Рустам Габбазов Подмосковьеде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары жасалма жүз менен келген адамджар тарбынан кармалган, ошол учурдан бери аны эч ким көргөн эмес. Башкача айтканда, аны криминал уурдап, өлтүргөн деген ишеним бар. Эгерде ал чын эле тирүү калса жана аны Алканова Кыргызстанда көргөн болсо, аны далилдесин, же бир туугандарды алмаштырып алгандыгын моюнуна алсын.

Ал эми Габбазов деген фамилияны алып жүрбөгөн Анвар Ильшатовичке кайрылсак, бул үй-бүлөнүн тагдыры татаал, үй-бүлө ээсин уйгур диаспорасында урматтоо менен Шат-акя деп кайрылышкан, Ильшат Габбазов белгилүү ишкер болгон, бирок Бишкекте киллерлердин курмандыгы болгон. Анын уулу Анвардын да Кыргызстанда олуттуу бизнеси бар. Эч кандай криминалдык топтор менен жеке байланышы жок, эгер Алканова башкача ойлосо – анда далилдеп берсин. Ошол эле убакта Анвар Ильшатович кайрымдуулук менен алектенип, мечиттерге да көмөк көрсөтөт. Ал эми он жылдан ашуун убакыт мурда анын каза болгон бир тууганы менен эмне болгонунун кандай айырмасы бар?

Мага маалым болгондой, бул адамдар БТА банк сыяктуу эле Кыргызстандын эл аралык аброю үчүн маанилүү иш-чараны Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун колдоо фондуна ири салым киргизген. Алар мында өзүнө пиар кылышкан эмес. Бирок мындай көмөгүнөн соң аларды Оюндардын ачылышына чакырбай коюу сылыксыздыктын жеткен чеги болоор эле.

Ал эми Э.Алканова алар Сапар Исаков менен жолугушууда эмне тууралуу сүйлөштү экендиги тууралуу оюн кыялга батып кызуу талкуулайт. Албетте, банктагы мамлекеттин үлүшүн менчиктештирүүдө аны учурдагы акционерлерге, казак БТА банкына берүүнү сүйлөшкөн!

Чындыгында мындай сүйлөшүүлөрдүн болусу мүмкүн эмес эле, анткени талкуунун предмети жок. Бул туурасында Э.Алканованын тили менен атйканда, “башка бир факты” айтып турат: КР мыйзамдарында жабык ационердик коомдогу үүлүштү сатуутартиби так аныкталган (ал эми Кыргызстанда БТА банк ЖАК укуктук формасына ээ). Тактап айтканда, эгерде акция пакеттеринин ээси аны сатууну кааласа, биринчи кезекте опционду башка акционерлерге сатып алууга сунуштоосу тийиш. Башкача айтканда, башкы акционер , казакстандык БТА кандай болгон күндө да “биринчи түн укугуна” ээ. Болду, чекит. Бул жерде талкуулай турган нерсе жок. Ошондой эле чиновниктер менен макулдашууга да негиз жок.

Кургак калдык

Алканова тууралу оппозициялык ЖМКларда сыймыктануу менн жазышууда: «Элнура Алканова журналистикага капыстан туш болгон жана кайрадан эле капыстан – иликтөөлөр менен алектене баштаган. Андан соң эл аралык сынакта жеңүүчү катары бактылуу билетке ээ болуп, Сараеводогу уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө боюнча Борбордун башкы кеңсесине стажировкага туш келген. Анда дүйнөлүк мыкты журналист-иликтөөчүлөр менен иштеген».

Аны менен жеке тааныштыгым жок болгондугу себептүү анын аракетинин мотивдери тууралуу айта албайм. Балким анда акыйкаттыкка карата умтулуу күүчтүр. Бирок бул умтулуу “иликтөөнүн” кызыкчылыгы үчүн фактыларды жулмалап пайдалануу аракетин актоого жол бербейт. Дагы бир ирет эскерте кетсек:

«Сапар Исаков жана Темир Рыскулов – мурдагы классташтар» - калп.

«Сапар Исаковдун бир тууганы Капар Исаков БТА банкка мамрезиденцияга жакын жер тилкеси боюнча сатык жүргүзүлгөн учурда кабыл алынган - калп.

«Сапар Исаков ушул себеп боюнча Рыскуловго аталган жер тилкеге карата аукциондо жеңүүгө көмөк берген» - негизсиз айыптоо.

«Ачык аукциондогу жер тилкесине карата баа төмөнөтүлгөн» - калп.

«Криминалдык авторитет Рустам Габбазов Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкан» - калп.

«Сапар Исаков БТА-банк акционерлери менен банктын мамлекеттик пакеттеги акцияларын менчиктештирүү маселесин талкуулаган» - негизсиз айыптоо.

Бир “иликтөө” үчүн көптүк кылбайбы?

Сараеводо ага жөнөкөй нерсени түшүндүрүшкөн эмес окшобойбу. Журналист-иликтөөчүгө материал сунуштаган эле ар-бир адам акыйкатты орлуна коюуну максат кылбайт. Тескерисинче, кээде жеке мүнөөздөгү кызыкчылыктар алга чыгат. Мисалга банктын кардарынан “откат” сурагандыгы, же башка эреже бузгандыгы үчүн адам кызматтан куулду дейли. Мындай адамдар үчүн маалыматты тескери жеткирүү негизги максат болуп калат.

Сапар Исаковго азыр жеңил эмес. Ал жаңыдан гана ар-кыл итамакты татипке келтирип жатат, ага баары эле кубанып жаткан жери жок. Ал эми мындай жарыялоодон кийин парламентте: “Такталса, кызматтан кетсин!” деген билдирүүлөр башталат. Ооба, эгер такталса, ал эми такталбасачы?

Кимдир-бирөө тажрыйбасыз иликтөөчүгө маалыматтык граната берген. Граната кармаган иликтөөчү бири бирине кошпогон кооптуу нерсе. Фактыны өзү текшерип алууга тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү жетишпесе керек. Ошол себептүү ал премьерди “ал өзү тааныбаган” адам менен байланышы бардыгына күнөөлөп жатат. (С.Исаков жакын арада бул тууралуу журналисттерге билдирди). Менин пикиримде, ал жөн гана адам катары кечирим сурап коюусу тийиш. Жана “жабууларды сыйруу” эмес, башка олуттуу иш менен алектенсе туура болоор.

Алексей Василивецкий, журналист

Сүрөттө: Оштогу 16-мектеп-гимназиянын документи, Сапар Исаковдун баалары

Бишкектеги №5 мектептеги Т.Рыскуловдун өздүк делосу

Пикир

Оставить комментарий