• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Быйыл 9 айда өрттүн кесепетинен 30 адамдын өмүрү кыйылды

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2 миң 274 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоонун кесепетинен 30 адамдын өмүрү кыйылган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Асхат Муканов билдирди.

Анын айтымында, былтыр 9 айда 2 миң 636 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу быйыл өрт 13 пайызга азайган.

“Быйыл өрттүн азайышына калкка өз учурунда маалымдоо, үгүт-насаат иштеринин жүргүзүлүшү себеп болду. Өрт кырсыгы көпчүлүк учурда кыш мезгилинде катталат. Кышкы от жагуу мезгилинин башталышы менен жарандарыбыздын көбү мешти, жылытуучу каражаттарды колдонушат. Бирок тилекке каршы мештерди, колго жасалган электр жылыткычтарын туура эмес колдонуудан, эрежелерди сактабагандыктан, электр чубалгыларынын эскилиги жеткенинен өрт кырсыктары келип чыгууда”, - дейт Муканов.

ӨКМдин өкүлү белгилегендей, эң өкүнүчтүүсү өрт кырсыгынын кесепетинен адам өмүрлөрүнүн кыйылган учурлары катталып, үй-бүлөлөр чоң жоготууларга же материалдык чыгымдарга туш болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күз-кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий