• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Быйыл курулуш иштерин ишке ашырууга 420 лицензия берилди

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын тогуз айына карата Кыргызстандын аймагында курулуш иштерин ишке ашырууга 420 лицензия берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Абдыраев билдирди.

Анын айтымында, 420 лицензиянын ичинен 416 лицензия юридикалык жактарга, төртөө жеке ишкерлерге берилген.

"304 уюм лицензияны биринчи жолу алган. Ошондой эле курулуш тармагынын адистерине 1 миң 688 мамлекеттик квалификациялык сертификат жол-жоболуштурулган. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча энергия аудитор адисине 21 сертификат берилген. Өз кезегинде, мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө бардыгы болуп 1253 бирдик долбоордук-сметалык документтери түшкөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий