Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 100 миң тонна сарымсак жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул былтыркыга салыштырмалуу 20 миң тоннага көп, 2023-жылы 81,6 миң тонна жыйналган. Ал эми 2019-жылы 69 миң тоннаны түзгөн.
Кыргызстанда сарымсактын негизги көлөмү 1 гектарга чейинки чарбаларда өндүрүлөт. Ошондой эле өлкөдө өнөр жайлык сарымсак өндүрүүгө адистешкен бир нече ишканалар бар. Анда сарымсактын бир канча жергиликтүү сортторун өстүрүшөт. Өлкөнүн бийик тоолуу климаты сарымсак өстүрүүгө абдан ылайыктуу. Кыргыз дыйкандарынын ички рынокту камсыздоо менен катар башка өлкөлөргө да экспорт үчүн өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.
Бул тармактагы түшүм жыйноо процессинде канчалык жогорку технологиялык ыкмалар колдонулбасын, адамдын кол эмгегисиз иштөө мүмкүн эмес. Сарымсак жогорку кирешелүү өсүмдүк болгондуктан аны өстүрүү, өндүрүү жергиликтүү дыйкан-фермерлер үчүн өтө пайдалуу багыт болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий