Быйыл Кыргызстанда 30 миң гектар кунарсыз жайытты жакшыртуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу максатында Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине 2024-жылга карата 30 миң гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу тапшырмасы коюлган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 295 миң 714 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү пландалууда.

Жайыт чөптөрүн сатып алуу боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына конкурс жарыяланып, жыйынтыгында жеке ишкер Александр Голенков эки лот боюнча жеңүүчү деп табылган. Аны менен 102 миң 144 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга 27 млн 628 миң 617 сомго келишим түзүлгөн.

Ал эми калган 193 миң 570 кг жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына ачык сынак кайрадан жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий