Бишкек, 13.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Былтыр 111 субъектке асыл тукум чарба статусу ыйгарылды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы республикадагы малдын сапатын жакшыртуу максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан коммиссия түзүлүп, жеринде чарбалык субьектилерге мониторинг жүргүзүлгөн.
“Ошонун негизинде бүгүнкү күндө 111 субъект асыл тукум чарба статусун алды. Жакында дагы мониторинг жүргүзүп келишти. Аталган статусту алам деген чарбалар көп экен. Ушунун негизинде биз азыр иш алып баруудабыз. Тактап айтканда, министрлик сандан сапатка өтүүнү көздөп жатат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий