Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Былтыр жол эрежелерин бузгандардан 650 млн сомдон ашуун каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы өлкө аймагы боюнча 1 млн 34 миң 196 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.
“Бул эреже бузган айдоочуларга тийиштүү айып пулдар салынып, мамлекеттик бюджетке 650 млн 89 миң сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 85 млн 346 миң сомго көп”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий