Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Чүй облусунда 70 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгысы тартылып, 2880 даана темир-бетон тирөөч орнотулду. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул иштер кардарларды сапаттуу тейлөө жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында аткарылды.
Изоляцияланган СИП аба чубалгысы тартылган райондор:
- Москва районуна - 24,1 чакырым;
- Чүй районуна - 14,1 чакырым;
- Панфилов районуна - 11,6 чакырым;
- Кемин районуна – 11 чакырым;
- Ысык-Ата районуна - 9,3 чакырым.
Темир-бетон тирөөчтөр орнотулган райондор:
- Москва району - 626 даана;
- Жайыл району - 531 даана;
- Сокулук району - 449 даана;
- Аламүдүн району - 278 даана;
- Кемин району - 277 даана;
- Чүй району - 253 даана;
- Ысык-Ата району - 213 даана;
- Панфилов району - 149 даана;
- Кант шаары - 104 даана.
Белгилей кетсек, Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 298 миңдей кардарды тейлейт. Анын 16 миңден ашыгы ишканалар.
Пикир
Оставить комментарий