• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Чүй облусунда жолдорду асфальттоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Чүй облусунун жол тейлөө ишканалары тарабынан бир катар жолдорго асфальт төшөө иштери аткарылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, Красная-Речка – Ысык-Ата унаа жолуна капиталдык салымдардын эсебинен планга коюлган 3,1 чакырым жолду асфальттоо иштери толугу менен аяктады. Учурда жол чийиндерин чийүү, жол жээктерин бекемдөө, керектүү жол белгилерин орнотуу иштери аткарылууда.

Ал эми Москва районундагы Беш-Корук айылындагы Мааке көчөсүнүн 870 метри асфальтталды.

Бүгүнкү күндө Александровка – Асылбаш жолунун 3 чакырымы асфальт төшөө үчүн даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий