• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүй жана Ысык-Көлдө 1,5 ай ичинде жол эрежелерин бузуу боюнча 5422 факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын Ысык-Көл жана Чүй облустарына иш сапары менен барган кызматкерлери тарабынан жол эрежелерин бузуу боюнча 5 миң 422 факты аныкталды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кызматерлер эки облуста 28-июлунан тартып 15-сентябрга чейин болгон. Жол эрежелери бузулган фактылар:

- Жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу - 32;

- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 92;

- Мас абалында автоунаа башкаруу боюнча 106 айдоочу аныкталып, 1 млн 855 миң сом айып салынган;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып башкаруу - 8;

- Коопсуз курун тагынбай айдаган айдоочулар - 3805;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 1379;

“Ошондой эле жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 172 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда Ысык-Көл жана Чүй облусуна иш сапарда жүргөн кызматкерлердин баары шаарга келишти.

Пикир

Оставить комментарий