• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

7,4 млн сом. «Жалал-Абад Тазалык» ишканасы жаңы унаалуу болду

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. «Жалал-Абад Тазалык» муниципалдык мекемесине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 млн сомго бир даана таштанды жыйноочу жаңы автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы унаанын ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Максатбек Жусупбеков баштаган жетекчилер мекемеге тапшырды.

Шаар мэри жаңы унаа тазалык кызматкерлеринин жумушун бир топ жеңилдетээрин белгилеп, шаардын тазалыгы үчүн жан үрөп эмгектенип жаткан кызмактерлерге ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий