• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Чүйдө имамдарга диний экстремизмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.08.24./Кабар/. Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, ИИМ тарабынан демилгеленип, жыл башынан бери өлкөнүн бардык аймагында өткөрүлүп келе жаткан жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинарлар жыйынтыкталды. Семинарларды Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өткөрүшүп, ага ички иштер органдарынын, прокуратуранын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, аялдар жамааттары жана имамдар катышты.

Акыркы иш-чара бүгүн, 16-август күнү Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, жарандар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сабаттуулукту жогорулатуу боюнча өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлөмүнүн башчысы Султанали Гапуров, теология илиминин докторлору Самаган Мырзаибраимов менен Сайфулла Базаркулов жарандардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, диний агымдардын пайда болуу себептери жана коомго тийгизген таасири, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, салттуу диндин концепциясы, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып беришти.

Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий