Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Ош облусу боюнча бир дагы милиция кызматкеринде коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн ички иштер органдары да 14-15 күндөн кийин тест тапшырышты.
"Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда 837 милиция кызматкери коронавирусту аныктай турган тест тапшырышты. Баарынын анализдери таза чыкты. Учурда обсервацияда бир дагы кызматкер калган жок", - дейт ал.
Нурдинов кошумчалагандай, Ноокатта ажы тойго барып келген аялда жана анын жолдошунда да коронавирус катталган жок.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Пикир
Оставить комментарий