• 87
  • 89.63
  • 0.85

Чүйдө мыйзамсыз 12 кыргоол аткан браконьерлер кармалды

Коом 0


Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Чүй облусунда атылган 12 кыргоол менен браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору жана Чүй аңчылык коомунун егери тарабынан биргелешкен рейддердин натыйжасында аңчылык жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо мыйзамдарын бузган браконьерлер кармалды.

Кармалгандардын унаасын текшерүү учурунда 12 атылган кыргоол табылган. Аларга карата "Жаныбарлар дүйнөсүн мыйзамсыз атууга жана аларды алуу" жана "Аңчылык эрежелерин бузуу" беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, жалпы 82,5 миң сом айып салды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү жана экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий