Үч округдагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо. 603 жаран сырттан добуш берди

Коом 0

Бишкек, 27.04.24./Кабар/. №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 603 жаран сырттан добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиригендей, орун-жайдан тышкары добуш берүү өтүнүчү менен 687 шайлоочудан арыз түшкөн: №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31, №7 Ош шайлоо округу боюнча - 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168.

№2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 14;
  • майыптыгы барлар - 8;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.

Добуш берүүгө катышкан жок - 2 (6,45 %) шайлоочу;

№7 Ош шайлоо округунда – 416 (85,25 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 157;
  • майыптыгы барлар - 165;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –88;
  • башка категорияларга киргендер – 6;

Добуш берүүгө катышкан жок - 72 (14,75 %) шайлоочу;

№9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу - 69;
  • майыптыгы барлар - 38;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 51.

Добуш берүүгө катышкан жок - 10 (5,95 %) шайлоочу.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

Эскерте кетсек, эртең, 28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Пикир

Оставить комментарий