• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Чет өлкөгө миграцияга кеткен кыргызстандыктардын саны азайды

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда мигранттары бар үй чарбаларынын үлүшүнүн 14%дан 8%га чейин азайганы байкалууда. Мындай көрсөткүч мигранттардын агымынын азайгандыгын тастыктайт. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасын угабыз” долбоорунун жыйынтыгын көрсөтүү учурунда белгилүү болду.

Изилдөөдө үй чарбаларынын 1 пайызында гана, миграцияга барууну ойлогон үй-бүлө мүчөсү бар экени айтылат. 2021-жылы 13% болгон. Көрсөткүчтүн төмөндөшү өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу.

“Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угабыз” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктары 2021-жылдын декабрынан бери президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”,-деди министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий