• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Чоң-Алайда 275 орундуу мектептин курулушу 70 пайызга аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы 275 орундуу Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушу 70 пайызга бүткөрүлдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, жаңы мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча А, Б, Г блоктон турган эки кабаттуу окуу корпус, ашкана, китепкана, актовый зал, өтмө галерея, спорттук залы менен куруу каралган.

Белгилей кетсек, эски мектептин 1-корпусу 1978-жылы курулса, 2-корпусу 1985-жылы курулуп пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий