• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусунун бардык аймактарында массалык ишембилик өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.23 /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен 1-марттан 1-июнга чеийн айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланган. Анын негизинде бүгүн облусутн бардык аймактарында массалык ишембилик өткөрүлүүдө.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, мында менчигинин түрүнө карабай айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иш-аракеттери аткарылып жатат. Тазалоо жумуштары үч ай бою ар жуманын ишемби күндөрү улантылат.

Өнөктүккө ыйгарым укуктуу өкүлдүн эмгек жамааты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий