• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча териштирүү башталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура ТИЗО-1деги "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча териштирүүнү баштады. Маалыматты "Кабар" агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан ырасташты.

"Материалдардын баары атайын прокуратуранын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө, андан кийин юридикалык баа берилет", - дешти Башкы прокуратурадан.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда "Дөө Чыңгыз" Бишкектеги №21 абакта киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды.

Эске сала кетсек, кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү болгон УКТнын мүчөсү Чыңгыз Жумагулов 15-июлда кармалган. Андан кийин ал 7-сентябрга чейин СИЗОго камалган.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий