• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл №1 тергөө абагына камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу (Чыңгыз Жумагулов) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Жумагулов 7-сентябрга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, 15-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү Ж.Ч.А., кармалган.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий