• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Майлуу-Суу милициясы 2,2 кг баңгизатын мыйзамсыз сактаган жаранды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Майлуу-Суу милициясы 2,2 кг баңгизатын мыйзамсыз сактаган жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облусук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө Л. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Анын негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, 2022-жылдын 23-март күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Майлуу-Суу милициясы тарабынан шаар аймагында “Чет өлкөлүк жаран” операциясы өткөрүлүп, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын 1975-жылы туулган С.А. аттуу тургуну үйүндө баңгизатын сактагандыгы аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалистикалык кызматы тарабынан чыгарылган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган баңгизаты марихуана экендиги жана жалпы салмагы 2 кг 280 гр түзгөндүгү аныкталган.

Алынган далил буюмдар менен С.А. Майлуу-Суу ШИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилип, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий