• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Сот бир нече өтүнүчтү четке какты

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум башталды. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Жактоочулар экспертизаны кайрадан өткөрүү боюнча өтүнүч келтиришти. Бирок, сот аны канааттандырган жок.

Инара Гилязетдинованын айтымында, экспертизаны кайрадан өткөрүү көп убакытты талап кылат. “Биз кайрадан экспертиза өткөрсөк, аны ким жасайт? Экспертизаны өткөрүү маалында айыпталуучуларды убактылуу бошотуу керек, ал экспертиза канча убакытка созулат белгисиз. Андан тышкары, ал көп каражаттарды талап кылат, ал эми бюджетте мындай каражаттар каралган эмес”, - деди ал.

Андан тышкары, айыпталуучулар эксперттер Хафизов менен Асанованы күч колдонуу менен алып келүүнү өтүнүшкөн.

Судья билдиргендей, КРнын КЖКде мындай норма каралган эмес. Ошол себептен бул өтүнүч да канааттандырылбайт. Эгер ал адамдар өздөрү келе турган болушса, сот алардан сурак алат, деди.

Андан тышкары, судья кийинки отурумда айыпталуучулардан сурак алуу процесси башталат, деди.

Кийинки отурум эртең, 24-октябрь саат 9:00дө башталат.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий