• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кемин районунда дүкөндөрдөн азык-түлүк жана акча уурдаган жаш жигиттер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Кемин районунда уурулукка шектүүлөр кармалды, - деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, буга чейин Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Кемин районунун аймагындагы дүкөндөрдүн ээлеринен бир нече арыз каттаган. Анда белгисиз бирөөлөр дүкөндөрдүн кулпуларын сындырып, ал жактан азык-түлүк жана акча каражаттарды уурдап кетишкенин билдиришкен.

Бул факты Кемин РИИБү тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Кемин РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы бир нече уурулук кылмыштарга шектелип 19 жаштагы А.Ж. жана 18 жаштагы Ж.К. аттуулар кармалышкан.

Шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий