• 79.5
  • 81.95
  • 1.41
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүүдө инвесторлорго көмөк көрсөтүү жана аларды коштоо механизмдерин түзүүгө багытталган.

Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун Тартибин иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы инвесторлор менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүдө инвестициялык саясат чөйрөсүндө аныкталган көйгөйлөр менен шартталган.

Пикир

Оставить комментарий