• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

COVID-19: Кыргызстанда дагы 954 адамдан жаңы табылып, 10 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 01.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 1-августка карата коронавирус дагы 954 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 582, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 33, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 43, Ысык-Көл облусунда – 58, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда – 58 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 457 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 10 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 759 бейтап, амбулатордук түрдө 10 миң 369 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 163 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 146 миң 61 киши айыгып чыкса, 2 миң 335 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий