Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
- биринчи дозасын 4 миң 874 адам алды, жалпы 1 млн 474 миң 965 адам;
- экинчи дозасын 287 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 224 миң 385 адам;
- бустердик дозаны 1 миң 887 адам алды, алардын жалпы саны 147 миң 457 адамга жетти.
Пикир
Оставить комментарий