Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрь күнү президенттик шайлоого катышуу үчүн Жеңишбек Байгуттиев Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Байгуттиев 1966-жылы төрөлгөн. Ал «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси болот.
Белгилей кетсек Байгуттиев президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз тапшырган 12-талапкер болду.
Пикир
Оставить комментарий