• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Орунбеков президент АКШга кандай учак менен учуп кеткендигине кызыккандарга жооп берди

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Президент Садыр Жапаров Америкага самолет менен учуп кетиптир” деп ызы-чуу түшүп жаткандарга жооп берди.

"Урматтуу Кыргызстандыктар! Азыр барыңыздар көрүп турасыздар, абал тынч эмес. Өлкөбүзгө куралдуу кол салуу болду, ал аз келгенсип, биздин үстүбүздөн карандай жалаа жабылып, дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Президенттин Нью-Йоркко сапары учурда өтө зарыл иштердин бири болчу. Андыктан өлкө башчысы чукул учуп кетти. Ал жакта мамлекетибиз үчүн маанилүү иш-чаралар, жолугушуулар өтөт. Кайра ыкчам келип, кызматтык милдетин аткарышы керек. Азыр сезгенге биздин абал оңой эмес. Ойлошуңуздар мүмкүн, “каттамдар менен эле барып келбейби” деп. Каттамды күтүп, жоон-топ делегация ээрчишип алып терминалдарда туруп, улам рейс алмаштырып барып келгиче убакыт жолго эле кетет. Учурда ар бир саат кымбат билсеңиздер.

Учактын чыгымынын оозуна баткан цифраларды жазып, элдин башын айлантып жаткандар, жалаанын жоопкерчилиги бар экенин сезиңиздер. Мамлекетибизге күйсөк анда ар кандай бей жай жалаалардан алыс бололу", - деди Орунбеков.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарында (АКШ) жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий