• 87
  • 89.63
  • 0.85

Дастан Дюшекеев Казакстан Маслихатынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Маслихатынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага депутаттар, чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, Казакстандын бир катар коомдук ишмерлери катышты.

Дастан Дюшекеев өз сөзүндө Кыргызстандын узак мөөнөттүү өнүктүрүү максаттарына жетүү, кыргыз-казак, анын ичинде эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы стратегиялык өнөктөштүгүн кеңейтүү маселелерине токтолду.

Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү боюнча тараптардын аракеттерин улантуунун маанилүүлүгүн айтты.

Казакстанды дүйнөлүк аренада тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөш катары белгилеп, казак тарапка Кыргызстандын “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык аракеттер” демилгесин колдогону, Бакудагы COP-29 жыйынынын алкагында БУУнун Климаттын өзгөрүү боюнча конференциясынын жылдык календарына “Тоолор жана климат” жаңы глобалдык диалогун орнотуу боюнча Кыргызстандын чакырыгын кабыл алгандыгына жана Казакстандын БУУнун Климаттын өзгөрүү боюнча конференциясына негизиделген Тоо өнөктөштүк тобуна киргендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

11-декабрда дүйнөлүк деңгээлде Эл аралык тоо күнү белгиленип жатканын, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу райондордун акырындык менен бузулуу процесстерин токтотууга биргелешкен аракет көрүү зарылдыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, элчи иш-чаранын катышуучуларын Кыргызстанда 2027-жылы “Тоо беш жылдыгынын” жыйынтыгы чыгарыла турчу “Бишкек+25” глобалдык тоо саммитине чакырды.

Пикир

Оставить комментарий