• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Лесли Вигери Кыргызстандагы дин эркиндигинин жана зомбулуктуу экстремизмге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кармануучулары аз болгон диний уюмдардын укугун коргоо жаатында Дин комиссиясы тарабынан аткарылып жаткан иштерге кызыкдар экендигин айтты.

Өз кезегинде Азамат Юсупов дин эркиндиги боюнча Кыргызстандын Орто Азияда калыптандыра алган өзгөчө моделине токтолуп, мамлекет тарабынан мыйзамдарга ылайык бардык конфессияларга бирдей мамиле жасалып жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий