Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын аймагында иш алып барган ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, таза атаандаштык үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы кабыл алынган мыйзамы менен Салык кодексинин 427-беренесине өзгөртүүлөр киргизилгенине байланыштуу “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” мыйзамдагы карама-каршылыктарды, боштуктарды жана түшүнүксүздүктөрдү жоюу максатында иштелип чыккан.
Кабыл алынган мыйзам менен эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ЭЭЗ аймагында, ошондой эле ЭЭЗ субъекттерине иштин айрым түрлөрүнө тыюу салынат, анын ичинде акциздик товарларды өндүрүүгө жана сатууга, буга төмөнкүлөрдү жыйноону, өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу ишканалардын иштери кирбейт:
- 2000-жылга чейин катталган ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификациялануучу тамеки продукцияларын;
- ЭЭЗ субъекттери катары катталган датасына карабастан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ЭЭЗ субъекттери катары катталган субъекттер деп ырасталуучу жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптарга ылайык келген ЭЭЗ субъекттери тарабынан Кыргыз Республикасынын калган аймактарына ташып кирүүдө акциз жана КНС салынуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып чыгууну милдеттүү чектөө талабы менен ТЭИ ТН 2404 жана 8543 40 000 0 коду менен классификациялануучу никотин камтылган продукцияны, бир кутуда никотин суюктугу бар никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдарын, электрондук сигареттерди жана ушуга окшогон жекече электрдик буулануучу түзүлүштөрдү (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) же ТЭИ ТН 2202 кодундагы, курамында кант кошулмаларын же башка таттуу даам берүүчү, же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды.
Пикир
Оставить комментарий