• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атамбаев чек арада турган айдоочулар үчүн 1 млн сом бөлүүгө ниеттенүүдө

Президент 0

Бишкек, 20.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочулар үчүн 1 млн сом бөлүүгө ниетенүүдө. Бул тууралуу ал бүгүнкү өтүп жаткан жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Казакстан Кыргызстанга "блокада" орноткондугун айтты.

“Адамды өлтүрбөгөн нерсе, аны кайрадан күчтүү кылат” деген макал бар. Бардыгы өтөт жана бул дагы өтүп кетет. Айдоочулар чек арада үч күндөп турушат. Бүгүнкү күндө айдоочулардын тамак-ашы үчүн дагы бир 1 млн сом бөлсөмбү деп турам. Бул жагдай бизге күч берди. Кыргызстан бардыгына сабак болду”,-деди Атамбаев.

Анын айтымына караганда, жолду тосуп, көпүрөнү кыйратуудан өткөн чоң күнөө жок.

“Мен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүнү каалагандар үчүн сабак берип койгондугума өкүнбөйм. Кийгилишип өздөрүнүн “шестеркасын” жөнөтүүнү каалагандарга биз – кийлигишпегиле! дедик. Жаңы президент Атамбаев эмес, ал дипломат. Менимче кырдаал жөнгө салынат, бирок биз туура чечим чыгарышыбыз керек”-деди Атамбаев.

Эске сала кетсек, Атамбаев КР президенттин шайлоонун алдында Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушкандан кийин, Казакстан КРдин ички иштерине кийлигишип жаткандыгын билдирген.

Андан соң, 10-октябрдан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий