ЕАЭБге 10 жыл. Садыр Жапаров биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарын куттуктады

Президент 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, биримдиктин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн келишимге кол коюлгандыгынын 10 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Бүгүн, 2024-жылдын 29-майында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлганына 10 жыл толду.

Бул 10 жылдын ичинде Евразия экономикалык биримдиги ага катышуучу өлкөлөр үчүн гана эмес, дүйнөдөгү башка өнөктөштөр үчүн да туруктуулуктун символу, өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү болуп калды. Биз биргелешип кыйынчылыктарды жеңүүгө, татаал экономикалык маселелерди чечүүгө аракет кылдык, жыйынтыгында биримдик дүйнөдөгү интеграциялык бирикмелердин түзүмүндө өзүнүн татыктуу ордун тапканын көрүп жатабыз.

Биргелешкен аракетибиздин аркасында биз маанилүү долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгып, ишке ашыра алдык. Ошол эле убакта, ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилге "Евразия экономикалык жол" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууга чоң маани берилет.

Кыргыз Республикасы биримдиктин идеяларына, максаттарына жана принциптерине берилгендигин сактап, биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

Учурдан пайдаланып, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандарын, Евразия экономикалык комиссиясынын, биримдиктин мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн ушул маанилүү дата менен куттуктайм.

Биздин өлкөлөргө өсүп-өнүгүүнү жана туруктуулукту, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин жарандарынын жашоо деңгээлин ырааттуу жогорулатууга багытталган натыйжалуу экономикалык өз ара аракеттенүүнү чын дилимден каалайм”.

Пикир

Оставить комментарий