• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Эдил Байсалов "Куйручук" балеттик спектаклинин премьерасына катышты

Маданият 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Күн мурун Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында К.Молдобасанов жана Г. Окуневдин "Куйручук" балеттик спектаклинин премьерасы өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, бул маанилүү иш-чара КР Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор жана кыргыз балетинин улуу чебери Уран Сарбагышевдин 90 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралардын башталышы болду.

Спектаклге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, ошондой эле маданият ишмерлери жана искусствонун күйөрмандары катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Уран Сарбагышевдин балет искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын, анын тарыхый мурасы кыргыз балетинин кайра жаралуусунун символу экенин белгиледи.

"Балет – бул жөн гана искусство эмес, ал улуттук маданияттын жана руханий аң-сезимдин маанилүү бөлүгү. Уран Сарбагышев сыяктуу улуу чеберлердин аркасында Кыргызстан өзүнүн маданий салттарын сактап, өнүктүрүп келет. Биз жаңы муундун артисттерин шыктандырып, аларды колдоону улантышыбыз керек", - деди ал.

Министрлер кабинетинин орун басары ошондой эле маданият менен искусствого мамлекеттик колдоо көрсөтүү улуттук өзгөчөлүктү жана коомдун руханий өнүгүүсүн бекемдөөнүн маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.

К. Молдобасанов жана Г.Окуневдин "Куйручук" спектакли көрүүчүлөр үчүн чыныгы белек болду. Постановка кыргыздын салттуу мотивдерин жана классикалык балеттин кооздугун айкалыштырып, көрүүчүлөрдү суктандырып, улуттук искусствонун өзгөчөлүгүн көрсөттү.

Белгиленгендей, Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар мындан ары дагы улантылат. Алардын эң маанилүүсү 15-декабрь күнү гала-концерт өтөт. Концертке алдыңкы балет солисттери жана "Улуу Элес" биринчи эл аралык балет артисттеринин конкурсунун лауреаттары менен дипломанттары катышат.

Пикир

Оставить комментарий