• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Элчи Бөкөнтаев Россиянын Борбордук банкынын төрайымы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы эчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина жана анын биринчи орун басары Владимир Чистюхин менен жолугушту.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейин эки өлкөнүн жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле кыргыз-россия мамилелерин, анын ичинде банк жана финансы чөйрөсүндөгү мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кубанычбек Бөкөнтаев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, ошондой эле ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы негизги өз ара аракеттенүүнү баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдиришти.

Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык маанайында өттү.

Пикир

Оставить комментарий