• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда доллар менен евро кымбаттады – 95 жана 106 сом

Экономика 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын коммерциялык банктарында жарым күндүн ичинде доллардын курсу 95 сомго, евронуку 106 сомго жетти.

Банктар долларды 94 сомдон, еврону 105,8 сомдон сатып алууда.

Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу - 84,80 сом, евронуку - 96,30 сомдон болууда.

Аны менен бирге рублдын курсу түшүп жатат. Учурда рублду сатып алуу - 0,90 сомдон, сатуу 1,06-1,070 сомго чейин болууда.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, рублдин куну бейшемби күнү эртең менен Россия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганын жарыялагандан кийин төмөндөй баштаган: доллар 2016-жылдын январь айынан бери биринчи жолу 84 рублден ашса, евро 2014-жылдын декабрынан бери биринчи жолу 95 рублден жогорулады.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Россиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрү тууралуу билдирген. Украинада аскердик абал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий