Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Нурлан Токобаев Дүйнөлүк банктын Кувейт жана Катардагы туруктуу өкүлү Доктор Зияд Накат менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанга инвесторлорду тартуу жолдору жана келечеги, ошондой эле Кувейттеги инвестициялык институттар жана жеке сектор менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты.
Мында, туризм, айыл чарба, курулуш жана исламдык банк кызматтары сыяктуу приоритеттүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Пикир
Оставить комментарий