• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Элчи Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын мэри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын мэри улуу даражалуу ханзаада Файсал бин Абдулазиз бин Айяф менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туризм жана ишкердик байланыштарды жылдырууга, эки өлкөнүн борборлорунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар ошондой эле Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда эки шаардын достугун бекемдөөгө өбөлгө боло турган боордоштук мамилелерди түзүүнү талкуулашты.

Эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлине жараша жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен элчи Марипов жана ханзаада Ф.Айяф кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын жана потенциалдуу багыттарын аныктоо максатында эки муниципалитеттин жумушчу топторунун иш сапарларын уюштуруу маселесинин үстүндө иштөөнү макулдашышты.

Соңунда элчи Марипов улуу даражалуу ханзаада Ф.Айяфты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий