• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Электр энергиясын пландуу өчүрүү болгон жок – Курсантбек Өмүрбеков

Коом 0

Бишкек, 14.01.25. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Азыркы күндө электр энергиясын пландуу өчүрүү болгон жок. Бул тууралуу энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, жылдан жылга электр энергиясына болгон керектөө өскөндүгүнө байланыштуу чыңалуу жогорулап жатат. Мындан улам республика боюнча авариялык өчүүлөрдү алдын алуу үчүн жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө.

“Биз жабдыктар күйүп, авариялык өчүрүүлөр болуп кетпеши үчүн жабдык көтөрүп жаткан жүктү башка жактарга бөлүштүрүү, тактап айтканда, жөнгө салуу иш-чарасын жүргүзүүдөбүз. Ошол убакта электр энергиясы үзгүлтүккө учурап калып жатат”- деп белгиледи министрдин биринчи орун басары.

Ал ошондой эле электр энергиясына болгон орто мөөнөттүү тариф саясатына токтолуп, тариф инфляциянын деңгээлине жараша көтөрүлөрүн айтты.

“Бизде 2021-2025-жылга чейин тарифтик орто саясаты бекилген. Ал жерде инфляцияга жараша тариф көтөрүлүп кете берет. Өзүңүздөр билгендей 2024-жылы май айында 10 пайызга көтөрүлдү. Быйыл инфляциянын өсүшүнө жараша көтөрүлөт”, – деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий