• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Тазалыктын” кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эртең мененки саат 7ден тарта Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоодо. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, борбордун 133 көчөсүн тазалоого 18 техника, жол-эксплуатациялык башкармалыктын 24 кызматкери жана 628 көчө шыпыргыч тартылган.

Мэриядан кошумчалашкандай, жолдорду кардан тазалоо үчүн 60 тонна техникалык туз себилди.

Пикир

Оставить комментарий