• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Электрондук кызмат көрсөтүү порталынын колдонуучулары күнүнө 50 миңдей кызмат алышат

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 15.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу жарандар күнүнө 50 миңдей ар кандай кызматтарды алышат. Бул тууралуу маалымат санариптик өнүктүрүү министрлигинин Facebook баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, аталган электрондук порталда жалпы 171 кызмат болсо, алардын ичинен эң көп суралган кызматтар төмөнкүлөр:

1. Үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат (5.8 миллиондон ашык суроо)
2. Жарандардын катталган жери тууралуу маалымкат (2.4 миллиондон ашык суроо-талап)
3. Жашаган жери тууралуу маалымат (2.2 миллиондон ашык суроо-талап)
4. Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалымат (2.1 миллиондон ашык суроо)
5. Пенсиялык топтоо жөнүндө маалымат (дээрлик 2 миллион суроо)
6. Нике тууралуу маалымат (912 миңден ашык суроо-талап)
7. Мал чарбачылыгы тууралуу маалымат (850 миңден ашык суроо-талап)
8. Бюджетке салыктык төлөмдөр боюнча маалымат (703 миң суроо-талап)
9. Иштеген жеринен маалымкат (625 миңден ашык суроо-талап)
10. Убактылуу каттоо эсеби жөнүндө даректик маалымкат (562 миңден ашык суроо-талап)

Белгилей кетсек, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын колдонуучулардын саны учурда 2 миллиондон ашты.

Пикир

Оставить комментарий