Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кыргызстандык Елена Бондарец өспүрүмдөр арасында III кышкы Олимпиада оюндарынын биатлон боюнча мелдешинде 88-орунга жайгашты.
Олимпиада оюндары Швейцариянын Лозанна шаарында өтүүдө.
Кечээ, 14-январда Бондарец спорттун биатлон түрүнүн 6 чакырымга узаган спринтердик жарышка катышкан. Ал маарага 26 мүнөт 0,4 секунд убактысында келип, 94 спортчунун арасынан 88-орунга жайгашты.
Спорттун аталган түрү боюнча мелдеште биринчи орунду Алена Мохова жеңип алды.
Пикир
Оставить комментарий